Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Кок-Жар айылынын тургуну коомдук транспорттун толук жабдылган аялдамасынын жоктугуна нааразычылыгын билдирди.
Анын айтымында, аялдама катары пайдаланылып жаткан жерде автобус күтүүчү жай да жок. Ал жерде жөнөкөй гана отургуч турат, ал маал-маалы менен жолдун бир тарабынан экинчи тарабына жылдырылып турат.
Аялдын болжолунда, бул отургучту жергиликтүү тургундар алып келген. Шаар тургуну мэрия эмне себептен бул аймакка эки аялдама орното албай жатканына таң калууда.













