Бишкек шаарындагы "Улан-2" конушунда кол салуу фактысы катталды. Бул окуя боюнча милиция эки катышуучуну аныктап, кармады.
Ички иштер кызматкерлери социалдык тармактардан мушташтын видеосун табышкан. Анда белгисиз адамдар коомдук тартипти бузуп жатканы көрүнгөн.
Октябрь районунун ИИБде каттоо жүргүзүлүп, кылмыш-аракеттер боюнча тергөө башталды.
Тергөө учурунда 1987-жылы туулган А.А. менен 1969-жылы туулган Ө.О. деген жарандар аныкталып, кармалды.
Эки киши Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик кодексинин 126-беренеси "Кичине хулигандык" боюнча жоопкерчиликке тартылды.
Кармалгандар Октябрь районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.














