АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун айтымында, Абу-Дабиде Орусия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрү үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүшөт. Америка тарап бул жолугушууда ортомчу катары чыгат.

Тараптар согуш аяктагандан кийинки коопсуздук чараларын, гуманитардык жардам маселелерин жана тынчтык келишимине карай кийинки кадамдарды талкуулашат.

Бул жумада америкалык сүйлөшүүчүлөр Брюсселде Франция, Германия, Улуу Британия, Евробиримдик жана НАТО өкүлдөрү менен да жолугушат. Анда Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери, согуштан кийинки Европанын коопсуздук архитектурасы жана Украинаны калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү боюнча экономикалык мүмкүнчүлүктөр каралат.

Биз Киев, Осло жана Санкт-Петербургда жетишилген прогрести өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз. Бул келечек муундар үчүн узак мөөнөттүү коопсуздукту камсыз кыла турган ар тараптуу жана бекем тынчтык келишимине алып барат.
АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф

Буга чейин Стив Уиткофф Ослодо Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуп, андан кийин Санкт-Петербургга барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөн.