Экономика жана коммерция министрлиги «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен ошол эле аталыштагы, бирок сертификат берүү менен алектенген жоопкерчилиги чектелген коомдун ортосундагы айырманы түшүндүрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Түшүндүрмө Жогорку Кеңештин депутаты Илибек Кубанычбековдун халал индустриясындагы ишмердүүлүктү текшерүү боюнча көтөргөн маселесине байланыштуу берилгенин министрлик тактады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдан бери министрликтин алдында «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси иштейт. Бул мекеме халал индустриясын өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга ыйгарым укуктуу орган болуп саналат, бирок сертификат берүү анын ыйгарым укуктарына кирбейт.

Документтен

«Халал индустриясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, халал продукциясын жана кызматтарын сертификациялоону аккредитациядан өткөн сертификация органдары жүргүзөт.
Экономика жана коммерция министрлигинин билдирүүсүнөн

2026-жылы «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» жоопкерчилиги чектелген коому аккредитациядан өткөн. Аталган уюм учурда халал стандарттарына ылайыктуулук сертификаттарын берүү менен алектенет.

Эки уюмдун аталышы окшош болгондуктан, министрлик жарандарды жана ишкерлерди аларды чаташтырбоого, функцияларындагы жана ыйгарым укуктарындагы айырмачылыктарга көңүл бурууга чакырды.