Бишкекте психотроптук жана наркотикалык каражаттарга кирген айрым дарыларды жеңилдетилген электрондук рецепттер менен берүүчү дарыканалардын тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) билдирди.

Фонддун маалыматы боюнча, буга чейин атайын дарылар мамлекеттик «Эл Аман» дарыкана тармагы аркылуу гана берилчү. Эми аларга «Неман» жана «Медсервис Kg» жеке тармактарынын айрым филиалдары, ошондой эле «Аманбекова» жеке ишкери кошулду.

Кандай дарыканалар катышат?

Тизмеге төмөнкү дарыканалар кирди:

Дарыларды 90%ке чейин арзандатуу менен алуу үчүн бейтаптар үй-бүлөлүк дарыгерине (ҮБК/МСБ) кайрылып, электрондук рецепт алса болот. Рецепттин жарактуулук мөөнөтү — бир ай.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы боюнча, жеке тармактарды туташтыруу кезекти кыскартып, оор жана паллиативдик бейтаптар үчүн өмүрлүк маанилүү дарылардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат деп күтүлүүдө.
ММКФ билдирүүсүнөн

Пилоттук долбоордун мааниси

1-июлдан 31-декабрга чейин Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин пилоттук долбоору ишке ашырылууда. Ага ылайык, мамлекеттик кепилдиктер программасы жана ММКнын кошумча программасы боюнча жеңилдетилген рецепттер менен дарылар «Эл Аман» тармагы аркылуу гана берилчү.