Документтен
Аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүү тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдарынын ортосундагы контракттар боюнча, мындай продукцияны ташып келүүгө (ташып чыгууга) лицензиялар берилбестен жүзөгө ашырылат.
Президент Владимир Путин Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизген протоколду ратификациялаган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги жазып чыкты.
Документ укуктук маалыматтын расмий порталында жарыяланды. Протоколго 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкекте кол коюлган. Ал келишим тараптарынын ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өркүндөтүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Иш тартиби кандай өзгөрдү?
Протоколго ылайык, аскердик багыттагы продукцияларды жеткирүү тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдарынын ортосундагы контракттар боюнча, мындай продукцияны ташып келүүгө (ташып чыгууга) лицензиялар берилбестен жүзөгө ашырылат. Буга чейин мындай жеткирүүлөр үчүн лицензия талап кылынчу.
Документ ошондой эле жеткирилүүчү продукциялардын тизмесин ошол продукцияны сатып алууга кызыкдар тараптын ыйгарым укуктуу органы түзүп, экинчи тараптын ыйгарым укуктуу органына өткөрүп берерин карайт.
Тизмесиз жеткирилүүчүлөр
Протоколго ылайык, төмөнкүлөр тизме түзүлбөстөн жеткирилет: запастык бөлүктөр, түйүндөр, приборлор, агрегаттар, комплекттөөчү буюмдар, ошондой эле атайын, окуу жана жардамчы мүлк, техникалык документация, сервистик тейлөөнү, оңдоону, чет өлкөлүк адистерди мындай иштерди жүргүзүүгө окутууну камсыз кылган иштер.




















