Kaktus.media басылмасынын редакциясына эпилепсияга каршы «Депакин 300» дарысын колдонгон бейтаптар кайрылышкан. Алар Бишкекте жеңилдетилген дары-дармектерди берүүдөгү кырдаалга көңүл бурууну суранышкан. Эскерте кетсек, 2026-жылдын 1-июлунан тарта жеңилдетилген дарыларды берүү «Эл Аман» мамлекеттик аптека тармагына өткөн.

Бейтаптардын айтымында, бул өткөрүлүп берилгенден кийин, алар «Депакин 300» сыяктуу жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерди ала албай калышкан, анткени мамлекеттик аптека тармагында жок.

«Аптека кызматкерлеринин айтымында, себеби — өндүрүүчүлөр же жеткирүүчүлөр менен келишимдердин жоктугу жана жеткирүүнү камсыз кылуу мүмкүн эместиги. Жеңилдетилген дарыларды «Эл Аман» тармагына өткөрүп берүү кандай негизде жүргүзүлгөнүнө, анын даярдыгына баа берилгенби, тармактын өндүрүүчүлөр же расмий жеткирүүчүлөр, анын ичинде «Депакин 300» менен учурдагы келишимдери барбы жана бейтаптарды үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн кандай чаралар пландаштырылып жатканына расмий жооп алууну суранабыз. Кеп өнөкөт оорулары бар адамдар жөнүндө болуп жатат, алар үчүн дары-дармекке өз убагында жетүү жашоо үчүн зарыл», — деп айтылат бейтаптардын кайрылуусунда.
Бейтаптар

Маалымат алуу үчүн редакция мамлекеттик «Эл Аман» аптека тармагына кайрылган. Анда жеңилдетилген дары-дармектерди «Эл Аман» тармагына берүү чечими Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан пилоттук долбоордун алкагында кабыл алынганын билдиришкен. Бул долбоор жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо системасынын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

24.kg маалымат агенттигине «Эл Аман» филиалынан билдиришкендей, «Депакин» Кыргыз Республикасынын аймагында жарактуу каттоо күбөлүгүнө ээ эмес. Бул дарынын жоктугунун жалгыз себеби болуп саналат.