Кызыл-Кыя шаарында 24 жаштагы үч баланын энеси Д.С. өлтүрүлдү. Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Turmush басылмасы маркумдун бир тууганы Нургазы Магамедовго шилтеме берип жазды.

Нургазы Магамедовдун айтымында, ага чейин деле күйөөсү аны сабап, кийин кечирим сурап кайра алып кетчү. Көз жумардан бир аз мурун Д.С. жакындарына күйөөсүнө кайткысы келбей жатканын айткан.

Кайын атам келип, ата-энеме сөз берди: уулум кол көтөрбөйт, башынан бир тал чачы да түшпөйт — деп, аны алып кетти. Ата-эне кызы бактылуу болсун деп, балдарын ойлошкон.
Нургазы Магамедов, маркумдун бир тууганы

Магамедов эки үй-бүлө тең бир айылда, бир нече көчө аралыкта жашаганын белгиледи. Ал кайын энеси менен кайын атасына да дооматын айтып, күйөөсүнүн туугандары анын аялды алып кетип баратканын көрүп туруп, анын үй-бүлөсүнө кабарлабаганын билдирди.

Анын айтымында, сиңдиси медициналык окууда окуган, ал эми күйөөсү чет өлкөдөн кайтып келгенине болгону он күн болгон. Күйөөсү үй-бүлөдө жалгыз уул болгондуктан, Д.С. анын кайтып келишине кубанганын кошумчалады.

Үч баласы жетим калды

Маркумдун балдары

6жаштагы улуу кызы
2жаштагы кенжеси
1ортончу уулу

Учурда балдар атасынын тарабындагы туугандарынын колунда. Үй-бүлө аза күтүү иш-чараларын өткөрүүдө. Маркумду өлгөн күнү, 31-октябрда, экспертиза аяктагандан кийин эле жерге беришкен — энеси азап тартпасын деп чечишкен.

Учурда Кызыл-Кыя шаардык милициясы кылмыш ишин иликтеп жатат. Шектүү катары кармалган күйөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.