Венгриянын эң кооз имараттарынын бири болгон Парламенттин архитектуралык өзгөчөлүктөрү Бишкектеги жаңы көргөзмө аркылуу көрсөтүлөт. Бул экспозиция Будапешттин борборундагы Лайош Кошут аянтында жайгашкан жана Буда менен Пешт шаарларын бириктирген символ катары таанылган имаратдын тарыхын ачып берет.

Музейдин пресс-кызматынын билдирүүсүнө таянса, көргөзмө 10-ноябрда саат 11:00дө ачылат. Иш-чара Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан колдоого алынган.

Неоготика стилинде салынган бул имарат дүйнөдөгү эң чоң өкмөттүк курулуштардын бири болуп саналат жана өзүнүн көрүнүшү боюнча Вестминстер сарайын эске салат.

Көргөзмө борбордогу тургундарды жана конокторду Венгриянын негизги символунун тарыхы жана архитектурасы менен тааныштырат. Ал ошондой эле Кыргызстан менен Венгриянын маданият жана музей иши тармагындагы кызматташтыгын улантат.
Музейдин билдирүүсү