Бишкекте милиция купуя түрдө иттердин салгылашуусун уюштуруу менен шектенген эркекти кармады. Бул ийгиликтүү операцияда бир кыз милиция кызматкерлерине жардам берген.}}{ ype la type:
Шектүү киши кыз менен интернет аркылуу таанышкан. Анын айтымында, ал өзүнүн мыйзамсыз иштери тууралуу кызга өзү айтып берген. Бул иш-чараларга ал бүткүл өлкөдөн катышуучуларды чогулткан.
Кыз шектүү кишини свиданиега чакырган, бирок романтикалык жолугушуунун ордуна аны оперативдик кызматкерлер күтүп турушкан. Учурда укук коргоо органдары тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүүдө.









