Бишкектин башкы темир жол вокзалы «Бишкек-2» салтанаттуу аземдин ордосуна айланды. Бул жерде Кыргызстандын профессионалдуу пластикалык искусствосунун башатында турган венгриялык скульптор, архитектор жана график Ласло Месароштун (1905–1938) урматына мемориалдык такта ачылды.

Аземге Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун мүчөлөрү, ошондой эле маданият жана искусство ишмерлери катышты. Ардактуу конок катары Будапешттен атайын келген скульптордун небереси, кинорежиссёр Ньика Янчо болду.

Ласло Месарош 1936-жылы Фрунзеге (азыркы Бишкек) эмиграцияланып, борбордун архитектуралык жана маданий келбетин калыптандырууга зор салым кошкон. Анын эскиздери жана түздөн-түз катышуусу менен «Бишкек-2» вокзалынын, эски Өкмөт үйүнүн (азыркы президент администрациясы) жана Улуттук банктын интерьер элементтери жаралып, шаардын борборундагы сквер долбоорлонгон.

Мындан тышкары, Месарош Орто Азиядагы алгачкы көркөм студия-интернатты түзүүнүн демилгечиси болуп, республиканын тургундарынын скульптуралык портреттеринин галереясын жараткан. Бул эмгектер бүгүнкү күндө Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин фондунда сакталууда.

Венгриянын дипломатиялык өкүлү өз сөзүндө баса белгиледи: «Ласло Месароштун элесин түбөлүккө калтыруу — кыска, бирок укмуштай жаркын өмүр жолун өткөн улуу устатка болгон урмат-сыйдын белгиси».

Венгриянын Бишкектеги элчилиги белгилегендей, мемориалдык тактаны орнотуу эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоодогу дагы бир маанилүү кадам болуп, тарыхый мурасты сактоо боюнча жалпы багытты ырастады.