The Pussycat Dolls тобунун Бишкекте өтө турган концертинин күнү жана орду аныкталды. V Project уюштуруучуларынын билдирүүсүнө ылайык, музыкалык кече 2027-жылдын 17-январында «Жаштык Арена» майданында өтөт.
Учурда концертке билеттер сатууга чыгарылган, бирок алардын баасы боюнча так маалымат берилген эмес. Бул иш-чара тууралуу алгач өткөн жылдын октябрь айында гана анонс берилген, бирок ошол учурда так датасы жана жайгашкан жери айтылган эмес.
Эске салсак, 2026-жылдын мартында топ үч катышуучудан турган курамда кайра бириггенин жарыялаган. Алардын курамына Николь Шерзингер, Эшли Робертс жана Кимберли Уайатт кирет.
Топтун солисткасы Николь Шерзингер мурда эле Кыргызстанда чыккан. Ал 31-августта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышкан.
- 2026-жылдын марты
Топ үч катышуучудан турган курамда кайра бириггенин жарыялаган
- 2027-жылдын 17-январы
Бишкектеги концерттин күнү











