Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында Европадан велосипед менен Кыргызстанга келген кыргызстандык саякатчы Насирдин Омуралиевди жана анын жолдошу Марко Фантеллону салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Саякатчылар өз жолдорун Польша өлкөсүнөн башташкан.}}{"type":"paragraph","data":{"text":"Саякатчыларды Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева, Бишкек мэриясынын Физикалык маданият жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле "Жеңиш" СДЮШОРдун велосипед спорту бөлүмүнүн тарбиялануучулары тосуп алышты."}},{
Бул саякат Насирдин Омуралиевдин максаттуулугун, эрктүүлүгүн жана Ата Мекенди сүйүүсүн көрсөтөт, ошондой эле Кыргызстандын тарыхын, маданиятын жана туристтик потенциалын жайылтууга салым кошот.
Мэриянын орун басарынын айтымында, саякатчылардын маршрутунун Бишкек шаарында, Ала-Тоо аянтында аяктаганы өзгөчө символикалык мааниге ээ. Ал спорт адамдарды жаштарынан жана улутунан карабастан бириктирерин белгиледи.
Насирдин Омуралиевдин айтымында, саякаттын башкы максаты — ата-бабаларыбыздын изи менен тарыхый жолдорду басып чыгуу, алардын мурасын сыйлоо жана башка өлкөлөргө Кыргызстан менен тааныштыруу болгон.
Саякат учурунда Азербайжандын Алят портунда Насирдин Италиянын 64 жаштагы жараны Марко Фантелло менен таанышкан.











