Кыргызстандын диний окуу жайларында болжол менен 15 миң адам билим алууда. Бул маалыматты Президенттеги Диний иштер жана этностук мамилелер боюнча улуттук агенттиги билдирди.
Агенттиктин маалыматына ылайык, окуу жылы боюнча бүтүрүүчүлөрдүн саны төмөндөгүдөй:
Учурда ведомство бүтүрүүчүлөрдүн кийинки иш ордуна жайгашуусу боюнча маалыматтарды тактоо үстүндө иштеп жатат. Алардын кайсы жерде жана ким болуп иштеп жаткандыгы тууралуу жалпы статистика азырынча жок.
Мектептердеги диний сабактарды көзөмөлдөө
Агенттик жалпы билим берүү уюмдарында диний багыттагы предметтердин окутулушун көзөмөлдөп турганын белгиледи. Мындай предметтерди окутуу үчүн мугалимдер 72 академиялык сааттан турган милдеттүү атайын даярдыктан өтүшү керек. Тиешелүү окутуудан өткөн педагогдор гана сабак берүүгө укук алышат.
Окутуу программаларынын мазмунуна, сапатына жана талаптардын сакталышына көзөмөл жүргүзүү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирет.
Диний окуу жайлардын түрлөрү
Муфтияттын маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 92 диний окуу жай иштеп жатат. Алардын түзүмү төмөнкүдөй:
- 1 университет
- 8 институт
- 22 жогорку медресе
- 28 орто медресе
- 13 баштапкы медресе
- 20 Куран жаттоо боюнча атайын медресе









