УюмЭскерүүлөр: 6

Бишкекте И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чоң залында VI Венгрия кино күндөрүнүн ачылышы болуп өттү. Быйылкы фестиваль легендарлуу венгр режиссёру Марта Месароштун автобиографиялык «Күндөлүктөр» трилогиясына арналды.

Токтогул шаарындагы Токтогул Сатылгановдун музей үйүндө жетинчи ирет «Матьо» көргөзмөсү ачылып, анда Венгриянын Мезёкёвешд аймагынын элдик өнөрү тартууланды. Бул көргөзмө Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги, Матьо музейи жана жеке коллекционер тарабынан уюштурулду.

28-июлда Улуттук тарых музейинде Венгриялык географ, илим изилдөөчү Дьюла Принцтин 1906 жана 1909-жылдардагы Тянь-Шань тоолоруна болгон илимий экспедицияларын чагылдырган тарыхый документалдык көргөзмө салтанаттуу түрдө ачылды. Көргөзмөдө белгилүү изилдоочунун архивдик материалдары, сүрөттөрү жана илимий эмгектери сунушталат.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.