Иш-чараны Бишкектеги Венгрия элчилиги уюштурду. Ачылышка Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков, университеттин жетекчилиги жана көптөгөн коноктор катышты.

Көрсөтүүлөр 1982-жылы тартылган «Менин балдарыма күндөлүк» драмасы менен башталды. Бул тасма 1984-жылы Канн кинофестивалынын Гран-при сыйлыгын алган.

Марта Месарош жана Кыргызстан

Венгриянын убактылуу ишенимдүү өкүлү өз сөзүндө Месароштун үй-бүлөсүнүн Кыргызстан менен болгон тарыхый жана эмоционалдык байланышын баса белгиледи. Ал Марта Месароштун венгр киносунун тарыхындагы биринчи аял режиссёр экенин, жана анын дүйнөлүк маданиятта гана эмес, кыргызстандыктардын жүрөгүндө да өзгөчө орунду ээлегенин айтты.

1930-жылдары ал ата-энеси менен Фрунзеге кичинекей кезинде келген. Анын атасы, көрүнүктүү скульптор Ласло Месарош, бул сонун шаарга Өкмөт үйүнүн, темир жол вокзалынын жана Улуттук банктын барельефтерин белек кылган, ошондой эле Орто Азияда биринчи скульптура мектебин негиздеген.
Венгриянын убактылуу ишенимдүү өкүлүнүн сөзүнөн

Ал ошондой эле Марта Месарош үчүн Кыргызстан терең жеке байланыштын чекити болуп калганын, ал өмүр бою кайра-кайра ушул жерге кайтып келерин белгиледи.

Элчилик фестивалдын алкагында Бишкекте Ласло Месарошка эстелик такта ачыла турганын дагы жарыялады.