Курулуш министрлигинин алдындагы атайын комиссиянын чечими менен «Люкс Гранд ЛТД» ишканасынын лицензиясы жокко чыгарылып, компания кара тизмеге киргизилди. Бул тууралуу ведомствонун маалыматында айтылат.
Министрлик лицензияларды сатуу жана башка жактарга өткөрүп берүү мыйзам менен тыюу салынганын бир нече жолу эскерткен. Видеодо фирманын лицензиясы сатылып жатканы көрүнүп турат.
Документтен
Лицензияны башка жакка өткөрүп берүүгө жол берилбейт. Мындай фактылар аныкталганда лицензия жокко чыгарылып, ээси кара тизмеге киргизилет.
Ушундай учурларды алдын алуу үчүн Курулуш министрлиги жарандар жана юридикалык жактар үчүн лицензия алуу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Эми керектүү документтерди электрондук түрдө тапшырып, лицензияны онлайн бир күндүн ичинде алууга болот.


















