Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги билим берүү ишин лицензиялоо үчүн жаңы порталды ишке киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Жаңы система мурдагы asula.edu.gov.kg порталындагы техникалык көйгөйлөрдү чечүү максатында иштелип чыккан.

Портал лицензиялоо жана аккредитациялоонун модернизацияланган автоматташтырылган башкаруу системасынын (АСУЛА) негизинде түзүлгөн. Жаңы дарек — license.ilim.gov.kg. 2024-жылдын 1-майынан тарта билим берүү ишине лицензия алуу арыздары АСУЛА аркылуу гана кабыл алынып келген.

Билим берүү уюмдары үчүн өзгөрүүлөр

  • Талап кылынган документтердин саны кыскартылды, арыз берүү жол-жоболору автоматташтырылды.
  • Портал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (имараттын өрт коопсуздугу талаптарына ылайыктуулугун электрондук макулдашуу) жана Саламаттык сактоо министрлиги (санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайыктуулук) менен интеграцияланган.
  • Маалымат базасы «Кадастр» мамлекеттик мекемеси менен байланыштырылып, имараттын жайгашкан жери жана жалпы аянты жөнүндө маалымат автоматтык түрдө алынат.
  • Мамлекеттик бажы төлөмүн QR-код аркылуу сайттан төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилди.
  • Эксперттерди автоматтык тандоо механизми ишке ашырылды.

Мындан тышкары, билим берүү уюмдарына ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталган башка сервистер да иштелип чыккан.