Иликтөөнүн жүрүшү
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын Көк-Жар кичирайонундагы 7-Апрель көчөсү, 266/2 дарегинде жайгашкан курулуш объектисиндеги тротуардын бузулушу боюнча арыздын негизинде текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жер казуу иштеринин кесепетинен тротуар бузулуп, анын айрым бөлүктөрүндө жаракалар пайда болгондугу аныкталды. Мындан тышкары, көрктөндүрүү эрежелери, коопсуздук талаптары жана курулуш нормалары бузулганы аныкталган. Объекттеги курулуш-монтаждоо иштери Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестринде каттоосу жок жүргүзүлгөн.
Кабыл алынган чаралар
Аныкталган мыйзам бузуулар үчүн "Улан Строй Компани" ЖЧКсына карата протокол түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Компаниянын лицензиясы 90 күнгө токтотулуп, кара тизмеге киргизилген. Ошондой эле прораб Б. уулу А. жана инженердик-техникалык кызматкерлер квалификациялык сертификаттарынан ажыратылды.










