27-октябрда Бишкекте Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын адистери үчүн үч күндүк тренинг башталды. Ага 20га жакын кызматкер катышып, хавала системасын аныктоо, финансылык агымдарды көзөмөлдөө жана чет өлкөдөгү мыйзамсыз активдерди издөө боюнча билим алууда. Бул тууралуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Окутууга Башкы прокуратура, Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы, Укук академиясы, Жогорку сот, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги, Бажы кызматы жана Жаза аткаруу кызматы сыяктуу ведомстволордун өкүлдөрү катышууда.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар финансылык иликтөөлөрдү моделдештирип, жашыруун каржылык тармактарды издеп, виртуалдык активдер менен болгон операцияларды жана жасалма интеллектти колдонууну үйрөнүшөт.
Окутууну Улуу Британия өкмөтүнүн каражатына Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму өткөрүүдө. Бул биргелешкен программа коррупцияга, акча адалдоого каршы күрөшүүгө жана кылмыштуу жол менен алынган активдерди кайтарууга багытталып, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанды камтыйт.
- Башкы прокуратура
- Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы
- Укук академиясы
- Жогорку сот
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
- Ички иштер министрлиги
- Бажы кызматы
- Жаза аткаруу кызматы























