Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында НДСтин бардык түрлөрүнөн республикалык бюджетке 138,5 млрд сом түштү. Бул өткөн жылдын тогуз айындагы 120,4 млрд сомдон 15%га көп.

НДС боюнча негизги көрсөткүчтөр

138,5 млрдсом түшкөн (2026-ж., 9 ай)
120,4 млрдсом түшкөн (2025-ж., 9 ай)
186,9 млрдсом — жылдык план
35%бардык салык кирешелериндеги үлүшү

Каржы министрлигинин 2026-жылга НДС боюнча жылдык планы 186,9 млрд сомду түзөт. Демек, тогуз айдын ичинде жылдык пландын төрттөн үч бөлүгү аткарылды.

НДС төлөмдөрү январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча бардык салыктык кирешелердин 35%ын, ал эми республикалык бюджеттин жалпы кирешелеринин дээрлик төрттөн бир бөлүгүн түздү.