Бишкек шаарында камактарды ташуу үчүн колдонулган атайын автоунаа жол кырсыгына учурады. Кырсык учурунда эч ким жаракат алган жок, деп билдирди УПСМнын басма сөз кызматы.
Жагдай 27-ноябрды күнү саат 15:00дө Жыбек Жолу проспектисиндеги №331 үйүнүн жанында болгон. Багыты батыш тарапка болгон айдоочунун тормоздук системасы иштебей калгандыгы алдын ала белгиленген.
Учурда кырсыктын себептерин аныктоо боюнча текшерүү жүрүп жатат жана экспертиза дайындалды.
- 25-ноябрь
Ысык-Ата районунун Төмөнкү Норус айылында жаңы №21 тергөө изолятору ачылды
- 27-ноябрь
Камактарды жаңы изоляторго көчүрүүнү баштоо пландалган









