Президенттикке талапкер Исхак Масалиев аткаруу бийлигинин шайлоо процессине кийлигишип жатканын айтты. Ал «Тундук» тиркемесиндеги кол коюулар боюнча министрлер тарабынан кызматкерлерге басым жасалып жатканын белгиледи.
Масалиевдин айтымында, Президент Садыр Жапаров башка талапкерлер менен жолугуп, андан кийин 30 миң кол коюу топтой албай жаткан кандидаттарды колдоо боюнча жарандарга кайрылуу жасаган. Бул окуядан бир нече күн өткөндөн кийин ички иштер, маданият жана курулуш министрликтери, ошондой эле Президенттин иш башкармалыгы өз кызматкерлерине белгилүү бир талапкерлерди колдоо боюнча түз буйрук беришкен.
Саясатчы аткаруу бийлиги шайлоого аралашпашы керектигин баса белгилеп, министрлердин шайлоону уюштурууга кандай тиешеси бар экенин сураган. Ал эл үчүн эркин добуш берүүгө татыктуу шарттарды түзүүгө чакырды.
Шайлоо боюнча маалымат
Кыргызстандын Президентинин шайлоосу 2027-жылдын 27-январында белгиленген. Учурда шайлоого катышууну 11 талапкер билдирген, алардын ичинен 6өө гана керектүү 30 миң кол коюуну топтогон. Бул жылы кол коюу процесси «Тундук» тиркемеси аркылуу онлайн форматта жүрүп жатат.










