Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылында жол кырсыгы болду. 17-ноябрь күнү саат 07:45дө Ош-Сары-Таш-Иркештам эл аралык автожолунун 5-чакымында окуя катталган.
Ош облусунун жол кыймылын камсыздоо коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсүнө таянсак, «Daewoo Matiz „автоунаасы“ менен бараткан 2008-жылы туулган М.К. аттуу айдоочу эки баланы кагып кеткен.
Кагылган балдар оор жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Бирок, алар 18-ноябрь күнү алган жаракаттарынан улам каза болушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, балдар бир тууган эрит болушкан.
Учурда Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүндө кырсык катталды. Тергөө кызматтары тиешелүү экспертизаларды дайындоо менен алектенип жатышат. Айдоочу тергөө кызматтарына өткөрүлүп, автоунаа айып пул топтоочу жайга коюлган.
Жол кыймылын камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсүндө, кырсык болгон жерде жол белгилери, жөө жүргүнчүлөрдүн сызыктары жана жол сызыктары бар экени айтылды.









