Бүгүн, 27-ноябрда, Президенттик шайлоого талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Сыймык Асылбекович Жапыкеевдин кол коюуларынын аныктыгын текшерди. Текшерүү учурунда талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайкүл Айдаралиева катышты.

Кол коюуларды чогултуу «Кол коюуларды чогултуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ишке ашырылган. Маалыматтардын жана кол коюулардын тууралыгы системадагы маалыматтар менен салыштыруу жолу менен текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерге кол коюу баракчаларынын жыйынтыгы тууралуу тиешелүү маалымкат берилди.

Ранее по темеПрезиденттикке талапкерлердин алтысы керектүү колдоону чогултуп бүттү