Бүгүн, 13-октябрда, Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Регламент боюнча комитети Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жылдык докладын карады. Жыйында Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы боюнча абал талкууланды.

Доклад менен Акыйкатчы Джамиляя Жаманбаева чыгып, 2025-жылы Институтка 9 672 кайрылуу келгенин билдирди. Алардын ичинен 7 429 жаранга оозеки юридикалык консультация берилип, 2 243 жаран жазуу жүзүндө кайрылган, анын ичинде 96 жамааттык кайрылуу болгон. Мындан тышкары, «115» ишеним телефону аркылуу 3 954 кайрылуу түшкөн.

2025-жылы Институтка келген кайрылуулар

9 672бардык кайрылуулар
7 429оозеки консультациялар
2 243жазуу жүзүндөгү кайрылуулар
96жамааттык кайрылуулар
3 954«115» линиясы аркылуу

Акыйкатчынын айтымында, 2025-жылы Институт тарабынан 141 чара көрүү актысы жөнөтүлүп, анын 122си аткарылган. Бул актылар негизинен саламаттык сактоо органдарына, билим берүү мекемелерине, ички иштер органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына багытталган.

Акыйкатчынын сунуштарынын аткарылышы 79%га жеткенин баса белгиледи. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 11%га өскөн, ал эми мурунку жылдары 20%дан ашкан эмес.

Бул жыйынтык мамлекеттик органдар менен жолго коюлган кызматташтыктын, ошондой эле президенттин жана Жогорку Кеңештин колдоосунун натыйжасы.
Акыйкатчы Джамиляя Жаманбаева

Акыйкатчы Институтунун көзөмөл иштери да активдешкен: 2025-жылы 811 мониторинг жүргүзүлгөн, бул мурунку жылга караганда эки эсе көп. Алардын ичинен 328и эркинен ажыратуу жана чектөө жайларында, 90ы аскер бөлүктөрүндө, 48и стационардык социалдык тейлөө мекемелеринде, 133ү билим берүү мекемелеринде, 54ү саламаттык сактоо мекемелеринде өткөрүлгөн.

Жыйында депутат Улан Сариев жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле чет элдик жарандардын Институтка кайрылуу себептери тууралуу сурады. Жамиля Жаманбаеванын айтымында, чет элдиктердин көбү Россиянын жарандыгын алган мекендештер. 2025-жылы алардан билим берүү кызматтары, мамлекеттик чек арадан өтүү жана башка маселелер боюнча 14 кайрылуу келип түшкөн.

Депутат Медербек Алиев Конституциянын 109-беренесине таянып, Акыйкатчынын ыйгарым укуктарын бекемдөө маселесин көтөрдү. Талкууда жарандардын медициналык жардам алуу укуктары да каралды.

Отурумдун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын «2025-жылдагы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө жылдык докладын» кабыл алды.