Кыргызстандын туризм тармагында түзүлгөн кошумча нарктын көлөмү 2021-жылдагы 25 млрд сомдон 2025-жылы 74,4 млрд сомго чейин өскөн. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президент администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Жогорку Кенештеги жыйында билдирди.

Өлкөгө келген чет элдик жарандардын саны да туруктуу өсүп жатат. Адылбек Касымалиевдин айтымында, туристтердин санынын динамикасы төмөнкүдөй өзгөргөн:

Чет элдик туристтердин саны

3,6 млн2021-жылы келген адамдар
10,5 млн2025-жылы келген адамдар
12,5–13 млн2026-жылдагы күтүлүүчү көрсөткүч

Бул жылы өлкөнүн туристтик имиджин илгерилетүүдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана «Бишкек Арена» стадионунун ачылышы маанилүү ролду ойногон. Ошондой эле, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан өлкөлөрдүн саны да кескин өскөн.

катышуучу өлкөлөр19 өлкө109 өлкө +474%