АКШ президенти Дональд Трамп Күн системасын жана Жерден тышкары бүт космосту адамзаттын мурасы деп жарыялаган декларацияга кол койду. Ал Кошмо Штаттар бул иш-аракеттерге лидерлик кыларын баса белгиледи.

Ак үйдүн башчысы америкалыктардын негизги максаты — ыйык баалуулуктарын, ишеним менен эркиндикти, кайда барбасын алып баруу экенин айтты.

Эң оболу биз ыйык баалуулуктарыбызды — ишеним менен эркиндикти — кайда барбайлы, алып барууга милдеттенебиз, ошондо эркиндик жылдыздар арасында жана андан ары да түбөлүккө жаңырып турсун
Дональд Трамп, АКШ президенти

Трамп ошондой эле америкалыктар 2028-жылга чейин Айга кайра конууну пландап жатканын эске салды. Бул кадам АКШнын Жердин спутнигинде туруктуу болушуна жана Марска учууга негиз түзөт.