Түздөн-түз инвестициялык Central Asia Capital фонду Кыргызстандагы жети жылдык ишмердүүлүгүн жыйынтыктады. 2018-жылдан бери Central Asia Capital компаниясынын резиденттери мамлекеттик бюджетке салык жана милдеттүү төгүмдөр түрүндө жалпысынан 511 миллион сом которгон. Бул сумма бир нече оорукана же мектеп курууга барабар экени айтылат.
Учурда фонддун портфелине бир катар ишканалар кирет. Алардын арасында Central Asia Kicksharing холдинги, Express Auto техникалык тейлөө кызматы, Taxi Express таксопаркы, «Автомаркет» автомаркетплейси, Banca краудлендинг платформасы, Жалганды аныктоо борбору, Muras автозаводу, Central Asia Hub индустриалдык паркы, Bars супер-тиркемеси жана улуттук мессенджери, ошондой эле «Быстроденьги» жана Leasing Express лизинг компаниялары бар.









