23-июль күнү Бишкектеги Улуттук тарых музейинде «VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды» аталышындагы иш-чара өттү. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган.
Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы тааныстырылды
Бишкекте Улуттук тарых музейинде Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү маданий-спорттук иш-чара — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдык жыйыны өттү. Иш-чарада оюндардын маданий концепциясы, негизги өткөрүү жайлары жана келечектеги долбоорлор коомчулукка билдирилди. Министрликтин өкүлдөрү бул окуянын кыргыз көчмөндөрүнүн мурасын сактоодо жана өнүктүрүүдө маанисин белгилешти.





























