ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Чолпон-Атада болуп өткөн иш-чарада салттуу кол тамга коюунун ордуна, чыгармачылык ыкманы колдонушту. Алар пейзаж тартылган жалпы сүрөткө өзүлөрүнүн эскиздерин кошуп, өзгөчө из калтырышты.

Бул өзгөчө сүрөт кийинчерээк Шанхай Кызматташтык Уюмунун Катчылыгына тапшырылат. Министрлердин мындай аракети иш-чарага оригиналдуулук тартуулап, катышуучулар арасында кызыгуу жаратты.