Бишкекте Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин кеңейтилген жыйыны өттү. Анда Казакстандын Тышкы соода палатасынын башкармалыгынын төрагасы Мурат Ратович Каримсаковго алтын медаль тапшырылды.

Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев тапшырды. Ал эки өлкөнүн ишкердик өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоо маанилүү экенин белгиледи.

Алтын медаль Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, ишкер чөйрөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөөгө жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө кошкон салымы үчүн берилди.