Бишкекте муниципалдык автобустун катышуусунда болгон кырсыкта бир баланын өмүрү кырылган. Автобусту башкарган айдоочу январь айынан тартып мас абалында айдоочу укугунан ажыратылганы белгилүү болду.
Айбек Джунушалиев кырсык боюнча өзгөчө кеңешме өткөрүп, анда шаардык кызматтардын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.
Кеңешменин жыйынтыгында айдоочу жумуш берүүчүдөн айдоочу укугунун алынганы тууралуу маалыматты жашырып, ички текшерүүдө жалган күбөлүк колдонгондугу белгиленди. Ал сотто өзүн убактылуу жумушсуз деп көрсөткөн, ошону менен бул тууралуу маалымат мекемеге жетпей калган.
Айбек Джунушалиев буга чейин жүргүнчүлөрдү ташуу коопсуздугун жогорулатууга бир катар чаралар көрүлгөнүн айтып, кырдаалды курч сынга алды жана жооптуу кызматкерлердин ишинде кемчиликтер бар экенин белгиледи.
Мэр үч күндө кызматтык иликтөө жүргүзүп, баяндама берүүнү жана күнөөлүүлөрдү тартиптик жоопкерчиликке тартуу, анын ичинде кызматтан алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди. Ошондой эле иликтөө материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлөт.















