Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага министр Дамир Осмонов, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай жана Европалык Жорж Помпиду атындагы оорукананын алдыңкы адиси, профессор Элуа Марижон катышты.

Мастер-класстын алкагында рентгеноперациялык залдан түз трансляция уюштурулуп, татаал имплантация процесси көрсөтүлүп, клиникалык учурлар талкууланды. Мындай формат адистерге жаңы технологиялар менен таанышууга жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берди.

Бейтаптар жана тутумдар

5тандалган бейтап
2тутумдун түрү: AVEIR™ VR жана AVEIR™ DR
Мурда мындай аппараттар Кыргызстанда жок болчу, анткени ири өндүрүүчүлөр үчүн рынок жабык эле.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Иш-сапардын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлиги менен Чоң Париждин университеттик ооруканалар бирикмеси (AP-HP) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу пландаштырылууда. Бул келишим эки өлкөнүн медицина тармагындагы кызматташтыгын бекемдейт.