Египеттин жаңы эрежелери күчүнө киргенден кийин, кыргызстандык туристтер кышкы эс алуу үчүн альтернативалуу жерлерди издей башташты. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинин кабарчысы Назгуль Нурманбетова жазып чыкты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Египет тарабынын жаңы талаптары 2026-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирди жана кошумча билдирүүгө чейин күчүндө болот.
Египетке саякаттоодо эмне өзгөрдү
Өз алдынча саякаттоочулар Египеттин Астанадагы элчилиги же башка ыйгарым укуктуу дипломатиялык өкүлчүлүгү аркылуу алдын ала виза алышы керек. Ошондой эле Египеттин коопсуздук органдарынын алдын ала макулдугу талап кылынат.
Компаниялар аркылуу саякаттаган туристтер үчүн төмөнкү эрежелер белгиленген:
- 16 жаштан 40 жашка чейинки жарандар жакын туугандарынын бири — атасы, энеси, жубайы же баласы менен бирге жүрүшү керек.
- Ар бир адам үчүн 3 миң доллардан кем эмес накталай акча, же туугандар бир топ болуп келсе, үй-бүлөгө 5 миң доллар болушу шарт.
- Туркомпаниялар туристтердин телефон номерлерин каттап, болуу программасын алдын ала даярдап, келгенден кийин паспортторун сактоого алып, кетеринде кайтарып бериши керек.
Бул талаптардан улам көптөгөн кыргызстандыктар башка багыттарды караштырууда. Вьетнам эң популярдуу альтернативалардын бири болуп калды.















