Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов, Франциянын Кыргызстандагы Элчиси Николя Фай, профессор Элуа Марижон, Жорж Помпиду атындагы Европа ооруканасынын кардиологу жана ата мекендик адистер катышат.
Катышуучулар электродсуз кардиостимуляциянын заманбап AVEIR™ VR жана AVEIR™ DR технологиялары менен таанышып, эл аралык клиникалык сунуштамаларды жана аз инвазивдүү кардиологияны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.
Мастер-класстын өзгөчөлүгү — рентгеноперациялык бөлмөдөн түз эфирде көрсөтүү менен практикалык сессия өткөрүлөт. Анда кардиостимуляторду имплантациялоо процесси көрсөтүлүп, эл аралык эксперттер менен клиникалык учурлар талкууланат.
Иш-чаранын деталдары
- Дата: 2026-жыл, 4-ноябрь
- Убакыт: 09:30
- Өткөрүү жери: Академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору (Тоголок Молдо көчөсү, 3)



















