Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Россия Федерациясынын өкүлдөрү менен рабочий жолугушуу өткөрдү, жыйынтыгында Кыргызстан жана Орусиянын ВТБ Медицина компаниясы ортосунда меморандумга кол коюлду.
Меморандум саламаттык сактоодо кызматташуу багыттарын аныктап, медициналык жардам көрсөтүү, билим берүү, кадрларды даярдоо жана кесиптик жакшыртуу, заманбап технологияларды колдонуу, телемедицина жана медициналык туризмди өнүктүрүүнү камтыйт.
Ошондой эле кыргызстандык адистер үчүн врач-ординаторлорду даярдоо жана билим берүү программаларын кеңейтүү демилгеси сунушталды.
Орусия тарап кыргыз жарандарына өз өлкөсүндөгү медициналык мекемелерде адистештирилген жардам көрсөтүү жана телемедицина аркылуу кызматташууну жактырды.












