Футболист Айтурган Курманбекова июль айында Караганданын «Шахтер» командасына которулган. Бул клуб Казакстандын жогорку дивизионунда ойнойт.
13-июлда Курманбекова «Женис» (Астана) клубуна каршы оюнга негизги курамда чыккан. Ал беттеш 0:9 эсебинде «Женистин» жеңиши менен аяктаган.
21-июлда «Астана» командасы менен болгон оюнда кыргызстандык спортчу айып соккусун ийгиликтүү ишке ашырып, командасына гол алып келген. Ал оюн 2:0 эсебинде «Шахтердун» пайдасына чечилген.
Казакстан чемпионатындагы башка кыргызстандык футболчулар
- Айжан Боронбекова («Актобе»)
- Дилнура Абибулла кызы («БИИК»)
- Кенжебүбү Ырысбек кызы («Томирис-Туран»)
- Бактыгүл Токтоболотой («Томирис-Туран»)





















