Курманжан Датка атындагы көчмөн цивилизациясы борборунда 10-ноябрда 1916-жылкы улуттарды бошотуу көтөрүлүшүнө жана Уркун окуяларына арналган «Уркун: тарыхтын унутулгус издери» аттуу тарыхый-документалдык экспозиция ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Экспозициянын алкагында 1916-жылдагы окуялардын себептерин, элдин каршылык көрсөтүүсүн, кыргыз элинин Кытайга аргасыздан көчүп кетүүсүн жана анын кесепеттерин чагылдырган архивдик документтер, тарыхый карталар, сүрөттөр жана илимий изилдөөлөр көрсөтүлгөн.

Ачылыш аземинде тарыхчылар тарыхый эс тутумду сактап калуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле темалык презентация өтүп, «Тосор» коомчулугу, «Эсимде» изилдөө платформасы жана «Тарталы» жаш режиссёрлор клубу тарабынан даярдалган «Уркун эс тутумунун маршы» аттуу документалдык тасма көрсөтүлдү.

Экспозициянын негизги максаты — 1916-жылдагы окуяларды илимий көз караш менен жарыктандыруу, ата-бабалардын башынан өткөн оор сыноолорду эстеп калуу жана келечек муунга эркиндик, көз карандысыздык жана тынчтык баалуулуктарын өткөрүп берүү болуп саналат.