Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепте Тарых жана ата-бабалардын эс тутуму күндөрү алкагында «1916-жылдагы улуттар аралык көтөрүлүш: Үркүн элдин эс тутумунда» деген темада конференция өткөрүлдү. Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Конференциянын жүрүшүндө Прага шаарынан (Чехия) онлайн байланыш аркылуу тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин чыгып, тарыхтагы ата-бабалардын эс тутумуна арналган сөз сүйлөдү.

Окуучулардын докладдары

Мектеп окуучулары тарыхый окуяларга терең талдап, төмөнкү темалар боюнча илимий докладдарды сунушташты:

  • «1916-жылы кыргыз элинин тарыхындагы маанилүү окуялар»
  • «1916-жылдагы улуттар аралык көтөрүлүш: Үркүн элдин эс тутумунда»
  • «1916-жылдагы көтөрүлүштүн жетекчилери жана кыргыз манаптарынын ролу»
  • «Үркүн учурундагы качкындардын оор тагдыры»

Музейдеги көргөзмө

Иш-чаранын экинчи бөлүгү мектептин тарыхый-этнографиялык краеведдик музейинде уланды. Ал жерден катышуучулар тарыхый-маданий мураска, улуттук баалуулуктарга, элдик кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрүнө жана Кыргыз мамлекетинин түзүлүшүнө арналган көргөзмөлөрдү көрүштү.

Тарыхый маалыматтарга таянсак, 1916-жылдагы көтөрүлүш учурунда кыргыздар Россиянын колониалдык саясатына каршы туруп, ичкилик жол менен хан жана жоокербашыларды шайлаган. Кочкор өрөөнүндө Канат Ыбыке уулу (Канат-хан) Тянь-Шань (Нарын, Кочкор) регионундагы көтөрүлүштүн башкы жетекчиси жана башкы командири болгон. Ал Кочкор өрөөнүндөгү Ийри-Суу аймагында хан деп жарыяланган.