Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнүн алкагында 1916-жылдагы трагедиялардын жана саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — азыркы Кыргызстандын түзүлүшүнө чоң салым кошкон ата-бабалардын эс тутумун түтүү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Катышуучулар кыргыз элинин тарыхындагы оор жана кайгылуу окуялардын курмандыктарынын жаркын элесине таазим кылышты.

Өлкөнүн эркиндиги, эгемендүүлүгү жана мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы үчүн күрөшкөн ата-бабалардын арбактарына багыштап куран окулду. Бул иш-чара улуттук тарыхый эс тутумду сактоонун жана эгемендүүлүктүн баалуулугун терең аңдоонун маанилүүлүгүн дагы бир ирет көрсөттү.

Ата-бабалардын эркиндик жана мамлекеттүүлүк үчүн жасаган күрүшү бүгүнкү муун үчүн чоң тарыхый сабак жана келечек муундарга калтырылган ыйык мурас катары бааланат.