Бишкекте имараттардын жанындагы жашыл зоналарды кароонун бирдиктүү эрежелерин белгилөө үчүн атайын дизайн-кодду иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл. Бул тууралуу «Биринчи радиодо» эколог Дмитрий Переяславский билдирди.

Адистин айтымында, ШОС саммитине даярдык көрүү учурунда шаардын архитектуралык көрүнүшүн бир калыпка келтирүү максатында фасаддарды жасалгалоо иштери жүргүзүлгөн. Бирок, бүгүнкү күндө Бишкекте фасаддык аймактарды жашылдандырууну жана ал жерде кандай өсүмдүктөрдүн болушу керектигин жөнгө салар так эрежелер жок.

Россиянын экинчи пландагы шаарларында да дизайн-код бар. Бизге да бул керек.
Дмитрий Переяславский

Азыркы учурда ар бир менчик ээси өз имаратынын жанындагы аймактын кандай көрүнүшү болорун өз алдынча чечүүдө. Натыйжада, жашыл зоналар бирдиктүү ыкмасыз түзүлүп, шаардын экологиялык муктаждыктарына ар дайым жооп бербейт.

Экологдун белгилөөсүнчө, борбор шаарда калктын тыгыздыгы өтө жогору, ошондуктан жашылдандыруу иштери жөн гана жасалгалоо эмес, экологиялык мааниге ээ болушу шарт. Дизайн-код өсүмдүктөрдү тандоо жана аларды жайгаштыруу принциптерин аныктаган милдеттүү эрежелердин жыйнагы болушу керек.