2024-жылдын июль айынан бери башталып турган курулуш иштеринин негизги бөлүгү аяктады. Имараттын дубалдары калтырылып, чатырын жабуу иштери толук бүткөн. Азыркы учурда мектептин ички бөлүктөрүн жасалгалоо процесси жүрүп жатат.
Архитектуралык долбоорго ылайык, эки кабаттуу бул мектептин жалпы аянты 5315 чарчы метрди түзөт. Жаңы окуу жайында окуу кабинеттеринен тышкары, төмөнкү залдар жана бөлмөлөр болот:
- негизги предметтер боюнча кабинеттер
- лаборатория жана китепкана
- ашкана жана медициналык бөлмө
- спорт залы жана акт залы
438 млн сом долбоордун баасы
Мектептин курулушу мамлекеттик казынадан, тактап айтканда, республикалык бюджеттен каржыланууда.
















