Бишкек шаарындагы «Изабек» спорттук комплексинде 13-ноябрдан 15-ноябрга чейин Изабековалардын күрөш академиясынын юбилейлик X эл аралык турнири өттү. Бул мелдештерге Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын балдары жана өспүрүмдөрү катышты.
Турнирде 2012–2013, 2014–2015 жана 2016–2017-жылдары туулган спортчулар өз ара күрөшүштү. Жайыл районунун өкүлдөрү мелдештин жыйынтыгында мыкты натыйжаларды көрсөтүп, медалдарды утуп алышты.
Жон-Арык айылынын тургуну Ырыскелди Мусабаев 23 кг чейинки салмак категориясында биринчи орунду ээлеп, чемпион аталды. Анын машыктыруучусу — Каныбек Джанысаков. Ал эми Кара-Балта шаарынан келген Актан Мухтаров 50 кгдан жогору салмак категориясында үчүнчү орунду алды. Анын машыктыруучусу — Руслан Атакеев.
Жеңүүчүлөр жана медалдор Изабековалардын күрөш академиясы тарабынан эстелик медальдары, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланды. Ар бир салмак категориясындагы чемпиондорго атайын эстелик чемпиондук курумдары берилди.









