Мэриянын расмий маалыматы боюнча, Москов көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки болжол менен 1,5 чакырым аралыкта жолдор жаңыланды. Бул иштердин алкагында асфальт төшөлгөн, жолдун кендирилиши кеңейтилген жана жолдун эки жагына унаа токтотуучу жайлар уюштурулган.
Жол иштери менен бирге аймакты көрктөндүрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү. Анын негизинде мыйзамсыз орнотулган кабелдер демонтаждалып, көчө жарыктары жаңыланды, ал эми кабелдик тармактар жер астына көчүрүлдү.
Ошондой эле, Чүй проспектисинен Огонбаева көчөсүнө чейинки аралыкта эски суу түтүктөрү алмаштырылды. Чүй проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз объекттер алынып, аймак тазаланды.
Бул долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга, жол кыймылинын коопсуздугун жогорулатууга жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Мэрия оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда сабырдуулук көрсөткөн жергиликтүү тургундардан ыраазычылык билдирди.









