Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги Кытайдын "Синьхуа" маалымат агенттиги менен биргеликте Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин массалык маалымат каражаттарынын жана аналитикалык борборлорунун жетекчилеринин форумун Бишкекте биринчи жолу өткөрүүдө. Бул иш-чара ШКУнун 25 жылдыгына карата уюштурулган, ал эми уюмга быйыл Кыргызстан төрагалык кылат.
"Кабар" УИАнын директору Медербек Шерметалиевдин билдиришинче, форумга 26 мамлекеттен 200гө жакын делегат катышууда. Катышуучулар заманбап медиа чөйрөсүнүн негизги чакырыктарын, анын ичинде санариптик технологиялардын өнүгүшүн, киберкоопсуздукту, жасалма интеллектти колдонууну, дезинформацияга жана фейк жаңылыктарга каршы турууну, ошондой эле ШКУнун алкагында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашат.


















