Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын 26 жаштагы тургуну Улукбек Жапарбеков бала кезинен эле жылкыларды жакшы көрөрүн билдирди.
Улукбек кесиби боюнча энергетик болгонуна карабастан, учурда кесиби менен эмес, сүйгөн иши менен алектенүүдө.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын 26 жаштагы тургуну Улукбек Жапарбеков өз айылында туризмди өнүктүрүүгө салым кошууда. Ал жаратылыш ресурстарын пайдаланып, жыл бою иштеген тоо лыжа базасын куруп, чет элдик меймандарды тосуп алууда. Бул демилге жергиликтүү туризмди жандандырууга өбөлгө түзүүдө.
Ал өзүнүн уникалдуу долбоору менен Ак-Суу районуна Казакстан жана Германиядан келген туристтерди тартууда, бул өз кезегинде аймактагы туризмдин өнүгүшүнө зор салым кошууда.
Азырынча комментарий жок. Биринчи болуңуз!

Жакшыраак сунуштарды алуу үчүн кириңиз