Аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу Ала-Бель жана Тоо-Ашуу ашууларында оор жүк ташуучу унаалардын кыймылы убактылуу чектенди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чектөө 11-ноябрды күнү саат 17:10дон баштап күчүнө кирди. Токтогул районундагы «Чычкан» стационардык кайра каттоо пунктында жана «Сосновка» пунктунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулган.

Министрликтин маалыматы боюнча, ашууларда катуу кар жаап, борон согуп жатат. Учурда жол кызматкерлери трассаны кардан тазалоо жана инерттүү материалдар менен чачуу иштерин жүргүзүүдө.