Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, 17-ноябрдыкында Отмок, Тоо-Ашуу жана Долон ашууларында ачык аба ырайы орнотулган. Учурда бул ашуулар аркылуу автотранспорт каражаттарынын жүрүшү эч кандай тоскоолдуксуз ишке ашырылууда.

Министрлик кызматкерлеринин айтымында, №36 жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери Отмок ашуусунда жолдун коопсуздугун камсыздоо жана аны тейлөө боюнча иштерди тынымсыз жүргүзүүдө. Кышкы мезгилге даярдык көрүү алкагында атайын техникалар тартылып, кезекчилик уюштурулган. Ашуудагы кырдаал туруктуу көзөмөлдө турат.

Бишкек — Ош автожолундагы Тоо-Ашуу ашуусунда жана Бишкек — Нарын — Торугарт трассасындагы Долон ашуусунда да ачык аба ырайы сакталууда. Жолдор ачык жана унаалардын өтүүсү үзгүлтүксүз улантылууда.