Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулган болчу. Бул чектөөлөр жол коопсуздугун камсыз кылуу жана тыгындардын алдын алуу максатында киргизилген.

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, чектөөлөр 11-ноябрда, саат 11:00дөн баштап алынды. Азыркы учурда жүк ташуучу транспорттордун өтүүсү толук ишке ашырылууда.